Баетовдо 31 жыл мурун мектеп куруу үчүн казылган катлован таштанды төгүүчү жайга айланып калды

turmush
Скачать
Просмотров: 228
 
Опубликовано 20 Июня 2018, 23:22

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 31 жыл мурун мектеп салынат деп казылган котлован таштанды төгүүчү жайга айланып калгандыгына жергиликтүү тургундар нааразы болууда, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалым болгондой, аталган айылдын түштүк тарабындагы айыл ичинде мындан 31 жыл мурун же тактап айтканда 1987-жылы мектеп куруу үчүн котлованы казылган. Бирок, кандайдыр бир себептер менен мектеп салынбай калган. Ошондон бери, бул чуңкурга жергиликтүү тургундар ар кандай таштандыларды, атургаймал жандыктардын өлүктөрүн алып келип таштап салышууда. Шамал болгондо, целофан, кагаздар чуңкурга чукул жашаган адамдардын үйлөрүн, бакчаларын каптап кетет.
«Бул жерге мурун мектеп салынат деп казылган экен. Мына минтип мектептин ордуна таштанды ташталып жатат. Айыл өкмөт ушул жерде жакын жашаган тургундарга таштанды таштатпагыла деп айткан. Эми мунун эч ким кайтарып тура албайт экенбиз да. Түнүчүндө келип таштап кетишет. Күндүз балдар келип ойнойт. Шамал болсо кагаз, жылтырак деген немелери тимеле корообузга толуп калат Эртерээк ичин толтуруп салышса болот эле» - дейт жергиликтүү тургун.
Бул боюнча, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков кийинки жылы бул чуңкур толук ичи толтурулаарын жана сейил бак уюштурулаарын билдирди.
«Тактап айтайын. 1987-жылы мектеп салынат деп мындай котловандан эки жерге казылган экен. Бирок, мектеп салынбай эле, чындыгында таштанды төгүлүп жатат. Бирөөсү айыл өкмөттүн иш кеңсесинин үстүндө эле. Ал чуңкурду толтуруп, үстүнө топурак төгүп, 3 жыл мурун сейил бакка айлантканбыз. Кудай буюрса, айылдын баш жагындагы чуңкурду (таштанды жаткан) дагы толтуруп, сейил бакка айлантабыз. Аны кийинки жылга пландаштырганбыз. Эми баардыгы эле акча каражатка келип такалып жатпайбы. Бюджет тартыш дегендей. Эмдиги жылы сөзсүз ал жер сейил бак болот» - дейт Т.Турусбеков.