Ак-Талаада менталдык арифметика боюнча Азияда жана республикада алдыңкы орунду багынткан окуучуларды салтанаттуу тосуп алышты

turmush
Скачать
Просмотров: 126
 
Опубликовано 20 Июня 2018, 12:48

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда менталдык арифметика боюнча Малайзияда Азия боюнча олимпиадада 1-орунду багынткан Сабырбек Кулуевди жана республикалык олимпиадада 1-23-орунду ээлешкен окуучуларды салтанаттуу тосуп алышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 9-10-11-июнда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу С.Кулуев 4-баскычтагы 1-орунду багындырган. Аталган олимпиадага жалпы 14 өлкөдөн барган окуучулар катышкан.
Менталдык арифметикадан ийгиликке жетип, өлкөнүн желегин желбиретип келген Сабырбекке райадминистрациянын ыраазычылык каты жана глобус ыйгарылды.
Андан сырткары, республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды ээлешкен төмөндөгү окуучулардын тизмеси;
1-орун;
Эрхан Токтобеков,
Каным Керимбекова,
Нурзамат Муктаров,
Бактыбек уулу Бекназар,
Темирлан Тейитбеков,
Айсулуу Шарипова,
Айжан Шарипова,
Жибек Абдылдаева.
2-орун;
Бексултан Чоробеков,
Темирбекова Бегимай,
Раяна Жусупбекова,
Дастан Мухтариамов,
Нуртилек Дайырбеков,
Раяна Муратбекова,
Аделя Шамшыбекова,
Аббас Арапов,
Абдуразак Арапов,
Акбар Шерипбеков,
Жанбийке Шерипбекова,
Аяна Рахатбекова,
3-орун;
Байэл Карабагышов,
Арууке Баатырбекова,
Марлен Замирбеков,
Аида Тынчтыкбекова,
Хадиже Кубанычбекова,
Айгерим Кумарбекова,
Калыс Жыргалбеков,
Келсинай Ибриамова.
Андан сырткары, менталдык арифметика боюнча окуучуларга билим берип жаткан Нургүл Макелеева «Көйкашка» коомдук бирикмесинин «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланды.