Баткенде селден улам шагыл толгон каналдар тазаланып жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 91
 
Опубликовано 20 Июня 2018, 12:46

Селдин кесепетинен улам Баткен шаарын аралап өтүүчү каналда суу токтоп, эгин талаалар суусуз калышты. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, 17-18-июнь күндөрү жаандан улам сел жүрүп, Төрт-Гүл суу сактагычынан суу алып чыгуучу магистралдык каналдын 200 метрдей жерине шагыл толуп калган. Каналдын жалпы узундугу 17 км 300 метрди түзөт. Учурда каналды тазалооого 2 техника тартылып, жумуш кызуу жүрүп жатат. Тазалоо иштери бүгүн аяктап, каналдан суу бериле баштайт. Бул канал аркылуу Баткен районунун аймагындагы Төрт-Гүл, Кара-Бак айыл өкмөттөү жана Баткен шаары сугат суу менен камсыз болот.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, Баткен шаарында 5 үйдүн ичи жана 150 метр канал тазаланды. Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында сел өтүүчү сайдын 120 метр аралыгы тазаланып, Чоң-Кара, Зарташ, Ак-Турпак айылдарын таза жана сугат суу менен камсыз кылуучу арыктын башы калыбына келтирилип, элге суу берилди.

Самаркандек айыл аймагындагы Самаркандек айылында 100 метр дамбаны, Дара айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында 290 метр дамбаны калыбына келтирүү иштери аткарылды. 42 метр канал калыбына келтирилип, жумуш толугу менен аяктады. Ак-Татыр айыл аймагындагы Рават айылында 100 метр аралыктагы ички чарбалык арыктар тазаланды.