БАТКЕН ШААРЫНДА БОРБОРДУК МЕЧИТТЕ АЙТ НАМАЗЫ ОКУЛДУ

turmush
Скачать
Просмотров: 350
 
Опубликовано 15 Июня 2018, 10:40

Бүгүн, 15-июнда Баткен шаарында жаанга байланыштуу борбордук мечитте орозо айт намазы окулду, Намаз башталганча дин аалымдарынын баяндамалары айтылды.Намазга 8 миңге жакын адам чогулуп. Чогулгандарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич, орозо айт майрамы менен куттуктады.

Ал эми облус казысы “Орозо айт” майрамы менен мекендештерибизди куттуктап, улуу тарбиячы катары баарыбызга напсинин каалоолорунан тыйылып, эрктүү, сабырдуу болууну, мусулман боордошторубузга, кадырман мекендештерибизге жардам колун сунууну үйрөткөн Рамазан айынан алган асыл сыпаттар менен бирге дайыма ынтымакта жашайлы» - деди облус казысы Муса ажы Жолдошов.