Сурамжылоо:Жарамазан айтуу акча табууга айланып бара жатабы?

turmush
Скачать
Просмотров: 247
 
Опубликовано 12 Июня 2018, 17:35

Орозо айында жарамазан айтуу салттуу көрүнүш. Бирок жарамазан айтуунун өзүнүн шарты, эрежеси болот. Азыркы айылдарда, ал тургай шаарда да жашы жете элек балдардын жарамазандын сөздөрүн, маанисин толук билбей туруп, үй-үйлөрдү кыдырып айтып жүрүшкөнү жашыруун эмес. Turmush басылмасынын Таластагы кабарчысы бул көрүнүштөр боюнча чакан сурамжылоо жүргүздү.

Талас шаарынын тургуну Аманбеков Рысбек:

«Жарамазанды илгертеден эле ата-бабаларыбыздан калган салт катары айтып келебиз. Менин көз карашымда азыркы учурда терс жактары да болууда. Анткени жарамазан айтып, жашы жете элек өспүрүмдөр түнкүсүн дагы жүрө беришет. Алардын коопсуздугуна ким жооп берет? Балким түндө кырсыктап калат. Көптөрү жарамазан айтуунун максатын түшүнүшпөйт. Ата-энелер жакшырак түшүндүрүп, көзөмөл кылса жакшы болмок. Мурунку убакта орто курактагы адамдар атайын аспаптар менен айткан да. Учурда жарамазан айтуу кичинекей балдардын акча табуу жолу болгондой сезим туудурат».

Талас шаарынын тургуну Сыргабек Молдобаев:

«Биздин убакта Советтер Союзу убагы болду. Ал учур тынч убак. Айыл ичинде биз дагы айтчубуз. Учурда жарамазан айтууну коммерциялык кызыкчылыкка айлантып алышканына күбө болуп калам. Үйгө жарамазан айтып келген балдарга таттуулардан берсең алышпай «акча бер» деп туруп алгандары бар. Мунун баары тарбиянын алсыздыгынан болуп жаткан чыгар. Коопсуздук жагын айтсак, биздин учурда өзүбүздөн кыйла улуу балдарды ээрчип айтчубуз. Азыр 2-3-класстын окуучулары эч көзөмөлсүз эле түндө жүрүшөт. Азыркы заманда шаар ичинде коркунучтуу. Ата-энелерден суранычым балдарды башка көчөлөргө жөнөтпөсөңүздөр, чоңураак балдарга дайындап, балдарды көзөмөлгө алып койсонуздар».

Талас шаарынын тургуну Нуржан Аманкулов:

«Биз кыргыз уулу болгондуктан айыл жергесинде жарамазан менен чоңойдук десем эч жанылышпайм. Биз жарамазан айткан учур 1988-1990-жылдарга такалат. Өзүбүздүн айылыбызда балдарга кошулуп эле айтып жүрчүбүз. Жарамазан айтуунун келип чыгышын чоң атамдар айтып берчү. Бул бизге ислам дини жкелген кезде ыйык Рамазан айынын башталганын билдирүү үчүн бир айылдын бир айылга жеткирген кабары болгон дешет. Ыр түрүндө өздөрүнүн баталарын, тилектерин айтып, өз учурундагы маданиятты да билдирип турат деп ойлойм. Жарамазанчылар келгенде мал берип, чапан кийгизип, аянбаган экен. Азыркы учурда тойкана, кафелер, эс алуучу жайлар көбөйдү. Ал жерде олтурганда кичинекей балдар жарамазан айтып келишет. Эс алуучу жерлерге жарамазан айтуу терс көрүнүш деп ойлойм. Ар бир олтурган кардарлардан акча сурагандай кейиштүү көрүнүш да. Кичинелер улуу муунду көрүп чоңойот. Ата-энелери көзөмөлгө алып, жарамазандын келип чыгуу тарыхын түшүндүрүп, сөздөрүн үйрөтүшсө. Кээ бир ата-энелер өздөрү коммерциялык багытка кызыктар болуп, «барып айтып келбейсиңби» дегендерди да кезиктирип жатабыз. Бөбөктөр аң-сезимин бөлөк нукка багыттагандык болот. Бүгүнкү күндө унаалар көбөйгөн учур. Ата-энелер коопсуздугуна дагы маани берип, кам көрүшү керек».

Талас шаарынын тургуну Ратбек Аязбеков:

«Мен өзүм кичинемде жарамазан айткан эмесмин. Бирок биздин үйгө чоң агаларыбыз келчү. Комуз жана башка аспаптары менен жарамазан айтып келип, олжолуу кайтышчу. Учурдагы өкүнүчтүү көрүнүштөр болууда. Жарамазан айтып, кичинекей балдар түндө өз алдынча көчөдө жүрүшөт. Коомдук тамактануучу жайларга дагы кирип айтышат. Ата-энелерибиздин балдарга болгон кайдыгерлиги жарамазандын баркын кетирип жатышат».

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Динара Сарногоеванын айтымында, орозо айында Талас облусу боюнча жоголгон жаш өспүрүмдөр катталган эмес. Талас шаарында өспөрүмдөр менен иштөөчү кызматкерлери тарбынан күнүнө рейд жүрүп жатат.