Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын 21 жаштагы тургуну Калыйнур Нургазиев кичинесинен бери ырдап, кыргыздын мыкты ырчыларынан болууну кыялданат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, ырчылык талантын эң биринчи мугалими байкаган.
«Мен 1997-жылы Кемин районуна караштуу Орловка шаарында жарык дүйнөгө келгем. Үй- бүлөдө 3 бир тууганбыз, эки эжем бар. Тилекке каршы атам-энем кичинекей кезимде каза болуп калышкан. Улуу эжем Жазгүл мени, экинчи эжем Даражанды өстүрүп чоңойтту. Кийинчерээк экинчи эжем жогорку окуу жайына тапшырды.