Баткенде өспүрүм кыздардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды

turmush
Скачать
Просмотров: 74
 
Опубликовано 11 Июня 2018, 17:42

Бүгүн, 11-июнда Баткен шаарында өспүрүм кыздар арасында өткөн футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Футбол федерациясынын Баткен облусу боюнча өкүлү Айбек Ражапов билдирди.
Анын айтымында, мелдешке Баткен, Чүй жана Талас областарынан келген 15 жашка чейинки кыздардын командалары катышты. 10-июнь күнү Баткен менен Талас облусунан келген кыздар командасы таймашып, оюн 0:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Бүгүн, 11-июль күнү Баткен менен Чүй облусунун командалары күч сынашып, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Бардык командалар эч кандай упай топтой албагандыктан бардыгына бирден упай берилип, кызыктыруучу белектер тапшырылды.