Баткендеги ооруканада 5 күндөн бери суу чыкпай, сууну унаа менен ташып жатышат

turmush
Скачать
Просмотров: 104
 
Опубликовано 11 Июня 2018, 16:03

Баткен облустук бириккен ооруканасында 5 күндөн бери таза суу жок, сууну ташып колдонушууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ооруканасынын жетекчиси Нурлан Салиевдин айтымында, скважинадан суу тартып берүүчү насос иштен чыккандыктан ушундай көйгөй жаралууда. Баткенде аны оңдоочу жай жок болгондуктан, атайын тендер жарыяланган. Тендерден жеңип чыккан компаниянын документ иштери так болбогондуктан 2 күнгө оңдоо иштери кармалып калган. Кайрадан дагы 2 күнгө тендер жарыяланып, Ош шаарындагы фирма утуп, 2 күндүн ичинде керектүү жабдыктарды алып келишип, оңдоо иштерин жүргүзүшүүдө. Эртең суу бериле баштайт. Суу жок мезгилде Баткен коммуналдык чарба кызматынын суу ташуучу унаасы менен ооруканага күнүнө 4 тоннадан 3 жолу суу жеткирилип турду. Ошондой эле атайын суу сактоочу кампаларга да суу толтурулуп, бөлүмдөргө да берилди.