Лейлекте үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жолдорду сел каптап, малдарды агызып кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 1952
 
Опубликовано 10 Июня 2018, 13:59

Бүгүн, 9-июнда Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаан жаап, саат 16:15 чамасында Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында жана Катраң айыл аймагынын Катраң, Өзгөрүш айылдарында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кара-Суу айылында 3 турак үйдү, бала бакчанын имаратын жана 30 турак жайдын чарбактарын суу каптады.

Ошондой эле Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн чарбактарына сел суулары кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Коргон–Катраң–Баул ички чарбалык унаа жолунун 16-21-чакырымдарын, Исфана–Андарак–Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-18-чакырымдарын шагыл аралаш сел каптап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул жолдорду тазалоо иштерин №13 жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине саат 18:35те ӨКМдин 31 куткаруучусу жана Баткен облустук башкармалыктан ыкчам топ чыгып кетишкен.
http://www.turmush.kg/news:347070