Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-бууралык оор атлетчи Ж.Окоева кийинки олимпиадага катышууга аракет көрүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 18
 
Опубликовано 15 Мая 2018, 14:51

Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында чоңойгон 25 жаштагы Жаңыл Окоева оор атлетика менен магышып, чет өлкөлөрдөгү мелдештерге катышып келет. Аймактык кабарчы спортчу кыз менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча экономист. Учурда спорт чебери.

«Спорт менен машыгып жүргөнүмө 11 жылдын жүзү болду. Азиянын эл аралык кубогунда 2 жолу 2-орунду алдым. Спортко катышып жүргөнүмдү үйдөгүлөр колдоп келишет. Алгач жогор окуу жайдын жер төлөсүндөгү залда Шаршен Абдыкеев деген агайымдын жетекчилигинде 4 жыл машыктым. Андан кийин Кыргызстандын курама командасына өтүп, Үсөн Майназаров агайыбыздын колунда машыктым. Азыркы учурдагы машыктыруучум Өмүржан Молдобасов. Университетте жүргөндө көп убакыт балдардын арасында машыгып жүрдүм. Башында көнө албай жүрүп, кийин көнүп калдым. Азыр эле кыздар көбөйүп, кыздар менен чогуу жүрүп калдым. Азыр август айында Индонезияда өтө турган Азия оюндарына карата даярданып жатабыз. Андан кийин ноябрда Казакстанда дүйнө чемпионаты өтөт. Андан кийин эл аралык турнирлер башталат. 2020-жылдагы Токиодо өтчү олимпидага лицензия алууга аракет кылабыз.

Азия оюндарынан 2 жолу 4-орунду алып калгам. Спорттон дагы кичине жолдуу болуш керек экен. Менде ошол сапат жоктугуна байланыштуу 1-2 кг оордуктар менен эле утулуп калам. Акыркы кездери эле жолум жакшырак болуп бара жатат», - деди ал.
Спорчу кыз үй-бүлөдө 7 бир тууган. 6 кыз 1 бала.
Спорттогу ийгиликтери:
- 2007-жылы спорт чебери болгон;
- 2011-жылы Таиланддагы Азия оюндарында 4-орун;
- 2012-жылы Азия кубогунан 2-орун;
- 2013-жылы Азия чемпионатынан 4-орун;
- 2014-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында 6-орун;
- 2015-жылы Казакстанда өткөн дүйнө чемипонатынын катышуучусу;
- 2016-жылы Бразилиянын Рио Де Жанейро шаарында өткөн олимпиаданын катышуучусу.