Кадамжайлыктар сапаты начар үй куруунун ордуна эски үйдү оңдотуп берүүнү суранышууда

turmush
Скачать
Просмотров: 91
 
Опубликовано 15 Мая 2018, 12:43

Кадамжай шаарындагы 2011-жылдагы жер титирөөдөн жабыр тарткан көп кабаттуу үйдүн айрым тургундары ошол эле үйдү оңдотуп берүүнүн суранышууда.
Алардын айтымында, жер титирөөдөн кийин бир топ үйлөр жабыркап, жашоого кооптуу абалга келген.
«Жалпысынан 117 үй-бүлөнү көчүрүү зарылчылыгы келип чыгып, өкмөт тарабынан жаңы үй куруу боюнча тендер жарыяланып, имараттын пайдубалы куюлган. Анан акча каражаты жоктугунан курулуш токтоп калган. Кийин Кадамжай шаардык мэриясы мамлекеттен пайызсыз кредит алып, 93 млн сомго тендер жарыялап, курулуш компаниялардын бири аны 63 млн сомго тендерди утуп, курулушу башталган. Курулушу аяктар алдында сметада кеткен кемчиликтерден улам дагы 10 млн 600 миң сом жетпей калган. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келип көрүп, жетпей калган акча каражатын бөлүп берүүнү убадалаган. Бул үйлөрдүн 1 кв метри 350 долларды түзөт», - деди Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Абдураимов.
Батирлер ипотека катары пайызсыз түрдө 15 жылдык мөөнөт менен берилет.

Звездная 2 көп кабаттуу үйүнүн жашоочусу Үрүнса Акбалаеванын айтымында, жаңыдан салынган үйдүн сапаты начар. Андыктан мурдагы жер титирөөдөн жабыркаган эски үйдү эле оңдоп беришсе болмок. Союз мезгилинде курулган үйлөр жаңы үйгө салыштырмалуу сапаты жагынан бир топ жакшы.

Ал эми Звездная 1 көп кабаттуу үйүнүн жашоочусу Заарахан Абдижалилованын айтымында, жаңы үйдөгү батирлер алар үчүн кымбат болуп жатат.

«Жаңы салынган үй кымбат болгону аз келгенсип, бүтө электе эле жарака кеткен жерлери бар. Андан көрө эски үйдү оңдоп беришсе жакшы болмок», - деди ал.
Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы Алтынбек Абдураимов элдин бул нараазычылыгынын негизинде көз карандысыз атайын комиссия түзүлгөнүн, алар үйдүн курулушун карап чыгып бир чечимге келерин билдирди.
Кадамжай шаарыннда 117 үй-бүлөнү жаңы батирге көчүрүү зарылчылыгы бар. Бүгүнкү күндө 45 батирлуу гана үй бүтөр алдында турат. Жалпы 120 батирлүү үй куруу пландалган.