Кара-Сууда 16 жаштагы өспүрүмдү жүк ташуучу кичи автобус сүзүп кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 841
 
Опубликовано 15 Мая 2018, 12:36

Кара-Суу районунун Медресе айылында кичи автобус жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Кырсык кечээ, 14-майда саат 18:00 чамасында болгонун ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Ош—Эркечтам унаа жолунун 5-чакырымында «Мерседес Бенц 308» үлгүсүндөгү унаа 2002-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кичи автобусту Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган тургуну Ж.А. башкарып бара жаткан. Жол кырсыктык кесепетинен өспүрүм денесинен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Жол кырсыктын видеосу аталган аймакка орнотулган көзөмөл камерасына түшүп калган.