Лейлектеги селге 242 жандык мал, 30 баш бодо мал агып, 10 үй кооптуу деп табылды

turmush
Скачать
Просмотров: 188
 
Опубликовано 15 Мая 2018, 11:28

ӨКМдин маалыматына караганда, Лейлек районундагы селдин кесепеттерин жоюга 500гө жакын адам жана ар кандай техникалар тартылды.

- Селден улам жеке менчик 27 турак жайга;

- социалдык 5 объектке;

- чарбалык 8 курулушка;

- 38 короо жайга;

- 23,6 км ички чарбалык жолго;

- 6,2 км ички чарбалык арыктарга;

- 69 гектар айыл чарба жерлерине;

- чарбалык 1 көпүрөгө (толук иштен чыкты);

- чарбалык 5 көпүрөгө;

- 565 метр сел тосмого;

- таза суунун 5 түтүгүнө;

- 6 электр мамычасына;

- 4 унаага зыян келтирилген.

Ошондой эле 242 жандык малды, 30 баш бодо малды суу агызып кеткен.