Таластык 16 бийчи кыз Кипрде өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышууда

turmush
Скачать
Просмотров: 339
 
Опубликовано 23 Апреля 2018, 17:18

Таластык 16 бийчи кыз Кипрде өтүп жаткан эл аралык фестивалга катышууда. Бул тууралуу Талас шаарындагы «Баластан» борборунун жетекчиси Чолпон Сарыгулова билдирди.
Анын айтымында, аталган балдар фестивалы жыл сайын өтүп турат.
«Таластан 9 жаштан 12 жашка чейинки 16 кызыбыз улуттук бийлерин даярдап келишкен. 17-апрелде башталган фестиваль 25-апрелге чейин өтөт. Фестивалдын алкагында балдарыбыз Кипрдин Кириния, Лефкосия, Лефка шаарларында болушту. Фестиваль балдарга абдан жакты», - деди ал.