Баткенде аскерлер тоодо машыгуу өткөрүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 61
 
Опубликовано 17 Апреля 2018, 15:47

Баткен районундагы 30630-аскер бөлүгүндө тактикалык машыгуу жүрүп жатат. Максаты аскерлердин тажрыйбасын аныктоо. Машыгууда КРнын куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери жана Мамлекеттик чек ара кызматынын артилеоиялык бөлүкчөлөрүнүн аскерлери катышты. «Тактикалык машыгуунун биринчи этабы теориялык сабак алуу менен жүрүүдө. Ал эми экинчи этабында аскерлер практикалык иш жүрүүдө күжүрмөн ок атуу өткөрүлөт. Машыгуу менен аскерлердин тажрыйбасын арттырууга багытталган жана алар күжүрмөн машыгууда артилериялык душман мийзин кайтарууга коюлган талаптарды аткарышып, жөндөмдөрүн жогорулатышат», - дейт Кургактагы аскерлеринин артилериялык башкармалыгынын башчысы Мирлан Омурзаков.
Машыгуу КРнын генералдык башкы штабынын 2018-жылга түзүлгөн планынын негизинде өткөрүлүүдө. Мындай иш-чара жылына эки жолу өткөрүлүп турат. Келеркиси күз мезгилинде өткөрүлмөкчү.