Баткендеги «Маданият достуктун көпүрөсү» фестивалына Өзбекстандан коноктор келди

turmush
Скачать
Просмотров: 250
 
Опубликовано 17 Апреля 2018, 11:51

Бүгүн, 17-апрелде Баткен шаарында кыргыз-өзбек достугун бекемдеген «Маданият достуктун көпүрөсү» фестивалы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Иш-чарага Өзбекстандын Фергана облусунан 50гө жакын коноктор келишти. Аларды Баткен шаарынын мэри баш болгон жетекчилер тосуп алышты. Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда Фергана шаары менен Баткен шаарынын достугун, соода-сатык, кызматташтыгын бекемдөө боюнча мемерандумга кол коюлуп, иш мерчемдер түзүлгөн. Бүгүн Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы драма театрында Өзбекстандан келген таланттар менен кыргыз маданиятынын өкүлдөрү биргелешкен акысыз концерт тартуулашат.