Баетов айылында сапатсыз курулган жана таштандыга толгон дренаж иштен чыгып, кейиштүү абалга кептелди - тургундар

turmush
Скачать
Просмотров: 82
 
Опубликовано 16 Апреля 2018, 22:52

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын түштүк тарабында жер алдындагы суунун көтөрүлүшүнөн улам курулган дренаж сапатсыз курулгандыктан жана таштандылардын төгүлүүсүнөн улам иштен чыгып жаткандыгына айрым жергиликтүү тургундар нааразы болууда. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Баетов айылынын түштүк тарабында жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн улам, бир топ тургундардын турак-жайлары жараксыз абалга келген. Бул боюнча КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигине убагында билдирүү болуп, анын негизинде 13 млн 35 миң сомго 975 метр ачык дренаж жана 2397 метр жабык турүндөгү дренаж курулуп, пайдаланууга берилген.
Ал эми Баетов айылынын тургуну Бакыт Карыбеков дренаждын иштен чыгып калышына 2 фактор себепкер экендигин, атургай жабык дренажга курулган кудуктардын ооздору ачык болуп кооптуулукту жаратып жаткандыгын айтат.
«Өзүңүздөр дренажды толук кыдырып көрдүңүздөр. Дренаж бүгүнкү күндө толук кандуу иштебей, өз миссиясын аткарбай, кейиштүү абалга кептелди. Жабык курулган дренаждарга орнотулган кудуктардын айрымдарынын үстү жабык болсо, айрымдары ачык турат. Ага айрым жергиликтүү жашоочуларыбыз ыпыр-сыпыр таштандыдан тарта малдын өлүгүнө чейин таштап салышууда. Жабык дренаждардын үстүлөрү кеткени аз келгенсип, ичине ташталган таштандылардан улам астындагы суу түтүктөрү бүтөлүп калган» - деп кейиди Б.Карыбеков.
Дренажга сарыгып түшкөн суулар Баетов айылынын түштүк тарабында орун алган Кайыңды-Булак айылына агып барат. Ал айылдын эли ушул суу менен бакчаларын, жер-жемиштерин сугарышат. Бул жерде санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген көрүнүштү дагы эске алсак болот.
«13 млн сомдон ашык каражатка курулган бул обьектинин минтип кейиштүү абалга кептелип жатышын 2 фактор менен карасак болот. Биринчи, дренаж сапатсыз курулган. Экинчиден, таштанды ыргытууга болбойт деген атайын эскертүү белгилери коюлбай, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй, анын кесепетинен улам ушул айланада жашаган айрым тургундарыбыз акыр-чикир, көмүрдүн күйгөн калдыгынан тарта малдын, иттин өлүгүнө чейин дренаждын жана кудуктардын ичине ыргытып салышкан. Мунун кесепетинен улам, дренаждын алдындагы суу түтүктөрү бүтөлүп калып, учурда суунун көтөрүлүшү кайрадан айылга коркунуч жаратууда. Курулгандан бери эч ким көзөмөлгө албай, кароосуз калды да. Ушунча каражат сарптап курулган обьектини көздүн карегиндей сакташыбыз керек эле» - деп кошумчалады.