Ак-Талаа районунун мугалимдери Аймактарды өнүктүрүү жылына карата КВН сынагына түшүштү

turmush
Скачать
Просмотров: 254
 
Опубликовано 16 Апреля 2018, 02:30

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун орто мектептеринин мугалимдери арасында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Ааламга баруучу жол - айыл мектептеринен башталат!» аттуу КВН өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 13-апрель күнү облусттук билим берүү бөлүмүнүн жобосуна ылайык, райондогу баардык орто мектептер жана билим берүү борборунун мугалимдери арасында КВН өтүп, ал аймактар аралык 1-этабы 3 аймакта өткөрүлдү. Тактап айтканда, Коңорчок айылында, Тоголок Молдо айылында жана Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө ишке ашырылды.
Сынактын негизги максаты - жалпы билим берүүчү мектептердеги жана мектепке чейинки мекемелердеги окуу, тарбия иштерин жакшыртуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, билим берүү кызматкерлерин чыгармачылыкка шыктандыруу болуп саналат деп жазылат жободо.
Сынактын жүрүшүндө, командалардын саламдашуусу, өнөр ээси, аймактарды өнүктүрүү боюнча мугалимдин турмушу, улуттук бий бийлөө, заманбап бийлөө, эстрадалык ырларды аткаруу чеберчилигин аткарып беришти.
Сынакта жалпы 6 тапшырма аткарылып, түнкү саат 02.00гө чейин уланды.
Жыйынтыгында, Коңорчок айылында өткөрүлгөн сынакта Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин мугалимдери, Тоголок Молдо айылында өткөрүлгөн сынакта Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектеби жана маданият үйундө өткөрүлгөн сынакта Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалимдери жеңүүчү аталып, 30-апрелде өтө турчу райондук деңгээлде финалга жолдомо алышты. Райондон жеңген команда 1-18-майга чейин облусттук деңгээлде өтө турчу сынакка катышат.