Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, адамдар жабыр тартты

turmush
Скачать
Просмотров: 3071
 
Опубликовано 11 Апреля 2018, 14:13

Кечээ, 10-апрелде Баткен облусунун Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Боз-Адыр айылынын тургуну Абдумомун Калматов билдирди.

Анын айтымында, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын 3 тургуну сугат суу алуу үчүн насос станциясына барган учурда Сохтун тургундары сабап салышкан. Сабоодон кийин алар ооруканага жеткирилген.

«Мурда да жаңжал чыгып басылып калган болчу. Насостук станция Өзбекстандын аймагында болгондуктан барганбыз. Сабалган экөөнүн абалы оорураак. Мен да жаракат алдым», - деди Калматов