Акталаалыктар ЖКтин Эл өкүлдөрүнө бир нече көйгөйлөрдү билдирип, аларды чечип берүүлөрүн талап кылышты

turmush
Скачать
Просмотров: 93
 
Опубликовано 25 Марта 2018, 02:14

Нарын облусунун Ак-Талаа районун жашоочулары Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир катар эл өкүлдөрүнө райондо 4 жыл мурун башталган курулуштарды бүткөртүп берүүлөрүн талап кылышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 20-март күнү Ак-Талаа жергесине келген ЖКтин төрагасы баштаган эл өкүлдөрүнө жана ошондой эле министрликтердин өкүлдөрүнө райондун айрым тургундары ачуу чындыкты айтып, бир нече көйгөйлөрдүн чечип берүүлөрүн талап кылышты.
Алар, Чолок-Кайың айылындагы орто мектептин, Кош-Дөбө айылындагы спорт залдын, Терек айылындагы спорт залдын, райондук архивдин имаратын жана Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептин курулуштары мындан 4 жыл мурун капсуласы салынып башталгандыгын, бирок мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай, акча бөлүнбөгөндүктөн улам учурда курулуш иштери токтоп тургандыгын айтышты.
Ошондой эле, Ак-Талаа районунун баардык айылдарын бийик тоолуу коэфциентке киргизүүнү, Кош-Дөбө-Казарман автожолундагы 35 чакырым жолдун каралбай калгандыгын, жолду оңдоп берүүлөрүн жана бүгүнкү учурда жаштар турак-жай салууга жер берилбей жаткандыгын, алардын турак жай салуусуна жерди трансформациядан чыгарып берүүлөрүн талап кылышты.
Андан сырткары, Кош-Дөбө жана Ак-Тал айылдарында бала бакчалар жок экендигин билдиришип, бала бакча салуу керектигин айтып чыгышты.
Мындан тышкары, Үгүт айылынын тургундары Жылуу-Суу чөлкөмүнүн Ала-Буга суусунун жээгинен кытайлардын алтындын запасын издөө-чалгындоо жана казуу иштери башталып жактандыгын айтышып, каршылыктарын билдиришти.