Нарын дайрасындагы курулушу бүтпөй жактан көпүрө үчү министрликтин өкүлү акталаалыктардан кечирим сурады

turmush
Скачать
Просмотров: 769
 
Опубликовано 25 Марта 2018, 02:04

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Нарын дайрасындагы чоң көпүрөнүнүн курулушу үчүн Транспорт жана жолдор министригинин алдындагы жол чарба департаментинин өкүлү элден кечирим сурагандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 20-март күнү Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган бир катар эл өкүлдөр жана министрликтин өкүлдөрү келип акталаалыктар менен жолугушуу учурунда аталган көпүрөнүн курулушун эртерээк бүткөрүп берүүнү талап кылышуу менен, 4 айылдын эли кыйналып жаткандыгын жана ошондой Соң-Көл жайлоосуна каттоо үзгүлтүккө учурап жатышкандыгын билдиришти.
Андан сырткары, Жаңы-Талап, Кызыл-Белес жана Баетов айылынын ички көчөлөрүнүн 3 чакырым аралыгын асфальттоо долбоору быйылкы жылдын титулкасынан алынып салынгандыгын айтып нааразы болушту.
Мындай сын-пикирге Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин өкүлү жооп берди.
«Туура. Көпүрөнү ондоодо кемчиликтер кетип калганын моюнга алабыз. Бул боюнча сиздерден Транспорт министрлигинин атынан кечирим сурайм. Кудай буюрса, 15-майда көпүрөнү толук бүткөрүп беребиз. Андан сырткары, 3 айылдын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн каражат маселесине келип такалып, арга жок титулкадан чыгарылып калган. Бирок, бул жакка кедээрде министр менен макулдашкам. Кудай буюрса, бул дагы 6 айлык менен кайрадан титулкага киргизилет» - деди ал.