Акталаалык аксакал Р.Шыгаевди ЖКтин төрагасы Д.Жумабеков район боюнча коомдук кеңешчиси кылып дайындады

turmush
Скачать
Просмотров: 186
 
Опубликовано 24 Марта 2018, 18:51

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну, аксакал Рысбек Шыгаев Жогорку Кеңештин төрагасынын Ак-Талаа району боюнча коомдук кеңешчиси болуп дайындалгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 20-март күнү ЖКтин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир эл өкүлдөрү районго иш-сапары менен келишип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда, райондо депутат жок экендигин, анын кесепетинен улам райондун бир топ көйгөйлөрү көмүскөдө калып, чечилбей жаткандыгын аксакалдар билдирип чыгышты.
Ошол себептен улам, төрага Д.Жумабеков Р.Шыгаевди өзүнө район боюнча коомдук кеңешчиси кылып дайындаарын билдирип, борборго чакырып, күбөлүгүн берип, мындан ары түз иштешээрин билдирди.
Андан соң кеп кезеги жеткен ардагер Жайлообай Абдиев төраганы Ак-Талаа үчүн депутат беришиң өтүнүчүнө төрага Д.Жумабеков депутат болуп берээрин жана көйгөйлөрүн чечип берүүгө убада берди.