Чарчап калган балдарды өлүкканага көтөрүп барган А.Нарынбаева жетекчисине нааразы

turmush
Скачать
Просмотров: 1477
 
Опубликовано 19 Марта 2018, 15:38

Москва районунун Беловодск айыл аймагындагы психоневрологиялык балдар үйүндө 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Асел Нарынбаева бала багуучуларды кемсинткен жетекчисине нааразы.

Анын Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргенине караганда, азыркы иштеп жаткан жетекчи кол алдындагы иштеп жаткан жумушчуларды, өзгөчө бала багуучулардын дарегине шек келтирген ыплас сөздөрдү айтат.

«Мени көпчүлүктүн алдында «дүйлөйсүӊ» деп тилдейт. Мен өзүм 3-топтогу майыпмын. Кулагым жакшы укпайт. Угуу аппараты менен жүрөм. Менден башкаларды да ыплас сөздөр менен «акмактар, кара жерге киргирлер» деп тилдейт. Директорубузга жана эмгек жамаатыбызга мындай тилдөөлөр көнүмүш адатка айланып калган. Бирок биз жөнөкөй жумушчулар канчага чейин анын тилине чыдашыбыз керек?

Ал эми аталган балдар үйүнүн директору Светлана Такырбашева Асел Нарынбаева тарабынан айтылган сөздөр жалган экендигин баса белгиледи.

«Мен эч качан ага жаман сүйлөгөн эмесмин. Аны эчаак эле кетирмекмин. Канча жумушчу менен урушат. Ал сөздү жакшы укпай калып, мени жамандап жатышат деп ойлой берет. Мен актангандай болбоюн, кудай карап турат. Жумушчуларга жаман сөздөрдү айтпайм. Ага жаӊы жылдын алды менен жакшы уксун, элди туура түшүнсүн деген максатта 450 долларлык угуу аппаратын сатып бергем.