Айыл турмушу: Баткендик Руслан Россияга кетүүдөн баш тартып, шаардын тазалыгы үчүн кам көрүп иштеп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 62
 
Опубликовано 9 Марта 2018, 13:10

Баткен шаарынын Боз-Адыр айылынын 22 жаштагы тургуну Рашид уулу Руслан Россияга иштеп кетүүдөн баш тартып, үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн муниципалдык кызматкер болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 3 бир тууган. Кичинекей кезинде ата-энеси ажырашып, апасы менен калышкан. Өзүнөн кийинки иниси 18 жашта, кичинекейлери 4 жашта. Атасы менен апасы ажырашканына байланыштуу үйдөгү жоопкерчилик ага жүктөлгөн. Буга чейин үй-бүлөсүн багуу үчүн майда-барат жумуш менен алектенип, тапкан акчасы жетпегендиктен башкалар сыяктуу Россияга барып иштеп келүүнү пландаган. Акыркы убактарда ал жактан ар кандай кырсыкка кабылып, жада калса каза болуп жаткандарды угуп, ал жакка баруудан баш тарткан. Бир четинен анын үйүндө болушу пайдалуурак.
«Мен күбөрөөк акча таап үй-бүлөнү багуу үчүн Москвага да барайын дедим. үйдү чоңу болгондон кийин бардык нерсе сенин мойнуңда болуп калат экен. Ал жактан өлүп келгендерди көрүп, бир чети корком. Анан эле Баткенде «Тазалык» ишканасына жумушчу керек» дегенди угуп, ушул жака келдим. Дароо эле жумушка кирдим. Өзүбүздүн шаарыбызды тазалап, пешене тер менен акча таап, өз жеримде апамдын, инилеримдин жанында иштеп жатабыз», - деди ал.
Руслан бул жумушунан 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин маяна алат.