Ак-Талаадагы Нарын дайрасындагы чоң көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу автоунааларга 5 күн чектөө киргизилди

turmush
Скачать
Просмотров: 307
 
Опубликовано 7 Марта 2018, 19:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал-Чат аймагындагы Нарын дайрасындагы чоң көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 5 күнгө автоунаалардын каттоосуна чектөө киргизилгендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 6-март күнү Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ак-Талаага иш-сапары менен келип, Нарын дайрасындагы көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышып, учурда көпүрөнүн алдыңкы тирөөчтөрүн алуу жана ордуна жаңы тирөөчтөрдү орнотуу иштери башталып жаткандыгына байланыштуу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
КРнын транспорт, жолдор жана коммуникация министрлигинин алдындагы мамлекеттик жол оңдоо курулуш башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергеновдун айтымында, азыркы тапта көпурөнүн 40% жумушу аткарылып, Нарын суусун оң ныптабына буруучу убактылуу дамба курулуп бүткөн болсо, убактылуу обьездной жол салынып жана аны менен бирге эле көпүрөнүн тирөөчтөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.
Ал эми курулуш иштери менен таанышууга келген облус башчысы А.Кайыпов керектүүлөрдү жана курулуштун канча күндө бүткөрүлөөрү туурасында берген суроосуна, мамлекеттик жол оңдоо курулуш башкармалыгынын башчысы Сыргаболот Кожобергенов төмөндөгүдөй жооп кайтарды.
«Учурда, күйүүчү май жана техникалар жетиштүү. Бирок, жумуш үзгүлтүккө токтоп калбас үчун 15 млн сом каражат керек болууда. Нарын суусунун деңгээли көтөрүлүп кеткичекти көпүрөнүн алдыңкы бөлүгүн бүткөрүп алалы деп аракеттенип жатабыз. Учурда, темир-бетон конструкцияга буйрутма бердик. Ал жасалып жатат. Темир-бетон конструкциясы даяр болгучакты, биз дагы көпүрөнүн алдыңкы бөлүгүн бүткөрүп жетишебиз. Кудай буюрса, май айынын ичинде толук пайдаланууга беребиз деп пландап жатабыз» - деди С.Кожобергенов.