Нарын облусунун Кочкор районуна Кичи Памирден келген эки үй-бүлө медициналык кароодон өтүп жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, Кара-Тоо айылындагы ФАПтын жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери памирлик кыргыздарды күн сайын медициналык кароодон өткөрүп, текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Алардын айтымында, Кичи Памирден келгендердин кан басымы төмөндөп, Кочкордун аба ырайына көнө албай жатышат.