Ак-Талаа районунда Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата спорттун 4 түрү боюнча мелдеш башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 212
 
Опубликовано 23 Февраля 2018, 15:39

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын урматына «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдө спорт мектеби тарабынан спорттун 4 түрү боюнча мелдеш башталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 23-февраль күнү аталган спорт мектептин директору Билимбек Капарбек уулу, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков, райадминистрациянын адиси Жаныбек Асылбеков жана Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Үрүстөм Күсөрмамбетов споттук мелдештин ачылыш аземинде спортчуларды бүгүнкү майрам менен куттуктап, алдыдагы мелдешке ийгилик каалашты.
Анда, тогуз коргоол оюну боюнча машыктыруучу Айтбүбү Насирдинованын жетекчилиги астында 20 улан-кыз катышып жаткан болсо, кичи футбол боюнча машыктыруучу Талант Табылды уулу жана Нурлан Жумалиевдин жетектөөсү менен окуучулардан турган 6 команда оюн талаасында беттеш өткөрүп жатса, ошондой элн волейбол боюнча машыктыруучу Гүлжаз Капарбекованын жетектөөсү менен кыздардан 3 команда, балдардан 3 команда беттешүүдө.
Андан сырткары, эркин күрөш боюнча машыктыруучу Азамат Барктабасов менен Калыйнур Рысбековдун жетектөөсү менен 70 балбан килем үстүндө күч сынашууда.