Акталаалык 11-класстын окуучу кызы Б.Бараканова көзү таңылуу бойдон автоматты 10 секундада чачып берди

turmush
Скачать
Просмотров: 2348
 
Опубликовано 22 Февраля 2018, 01:26

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Билимкан Бараканова көзү таңылуу боюнча автоматты 10 секундда чачып бергендигин аймактык кабарчы билдирди.
Өсуп келе жаткан кийинки муундун арасынан мыктыларын көрүүгө болот. Жүрөгүндө мекенчилдик сезими бар, дилгир, коомдук иштерге активдүү катышкан улан-кыздарды байкоого болот. Алардын бири, Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Б.Бараканова экени талашсыз.
Буга чейин, көптөгөн жол кыймылындагы коопсуздарда Жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте рейддерге чыгып, аскердик көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды тыкыр аткарып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп келүүдө.
Ушундай иштерге активдүү катышкан тыпылдаган тың кыз, 21-февраль күнү аталган мектепте өткөрүлгөн аскердик-прикладдык мелдеште көзү таңылуу бойдок «Калашников» автоматын 10 секундада чачып, көпчулүктү таңгалдырды.
Мектепте «Эң мыкты» окуган Билимкан үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси. Ар дайым аскердик мелдештерде активдүү катышуучусу болуп келүү менен бирге эле, группанын командири.
«Негизи аскер адамы болсомбу дегем. Бирок, боюм кыскараак. Кудай буюрса эл аралык байоаныш боюнча билим алып, ошол тармакта иштесем деген тилегим бар. Аскердик көнүгүүлөрдү 5-классымдан бери эле кызыгып, Шаршенбек Мурзабеков агайыбыздан көп нерсени үйрөндүк. Агайга миң мертебе ыраазычылык айтабыз. Көзүңдү таңып алып автоматты чачып көрчү - деп агай сунуштаган. Ошондон баштап чачып баштадым. Мурун 5-6 секундада эле чачып койчумун. Ушунда, 10 секундда чачып калдым же көпчүлүктөн сүрдөп, шашып калдым окшойт» - дейт Билимкан.