Ак-Талаада аскердик-прикладдык мелдешке түшкөн окуучулар көпчүлүктү таңгалдырышты

turmush
Скачать
Просмотров: 254
 
Опубликовано 21 Февраля 2018, 21:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата аскердик-прикладдык мелдешке түшүштү. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 21-февраль күнү аталган орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары «Альфа» жана «Пантера» группасына бөлүнүшүп, алар аскердик марш басуу, ырдоо, автоматты чачып-жыйноо, кол күрөш, гирья көтөрүү, аркан тартыш жана жекелик аркан тартыш, ошондой эле эстафеталык жарыштарды мыкты деңгээлде аткарып беришүү менен көрүүчүлөрдүн бүйурүн кызытышты. Өзгөчө, окуучу кыздардын автоматты чачып-жыйноосу менен көпчулүктү таңгалдырышты.
Аталган аскердик-прикладдык мелдешти мектептин аскерге чейинки даярдоо боюнча мугалими Шаршенбек Мурзабеков уюштуруп, ага Афган согушунун ардагерлери, аскер комиссариатынан жана башкалар калыстык кылышып, жыйынтыгында «Пантерра» командасы 1-орунду камсыздады. Ошондой эле, мыкты көрсөткүчтөрдү, тапшырмаларды аткарган окуучулар дагы сыйлыктар тапшырылды.