Баткенде «Улут өзөгү — тил» адабий-музыкалык кечеси уюштурулду

turmush
Скачать
Просмотров: 88
 
Опубликовано 21 Февраля 2018, 14:32

Баткен облустук китепканасында Эне тил күнүнө карата, «Улут өзөгү — тил» атту адабий-музыкалык кече уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалыматка караганда, иш-чарага Баткен шаарындагы 3 мектептин окуучулары жана жергиликтүү акын-жазуучулар катышты. Анда учурдагы эне тилдин коомдогу орду тууралуу талкуу болуп, мектеп окуучулары эне тили жөнүндө ырларды окуп, сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышты. Иш -чарага активдүү катышкан окуучуларга облустук китепкана тарабынан баалуу белектер жана китептер тапшырылды.