Таласта кармалган казакстандыктарга кыйноо болгон эмес, - милиция

turmush
Скачать
Просмотров: 2780
 
Опубликовано 20 Февраля 2018, 18:29

Таласта каракчылык кылмышка шектелип кармалган казакстандык адамдардын «кыйноого кабылдык» деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын 12-февраль күнү саат 22:10 чамасында Көк-Ой айылынын Ленин көчөсүнөн А.Н. аттуу таксистке тиешелүү болгон «Ауди» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар каракчылык жол менен күч колдонуп айдап качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат Талас РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, алар таксистке унаасынын ичинен күч колдонуп, мойнун жип менен бууп, электрошокер менен коркутуп, оозун скотч менен ороп, унаасынын арткы орундугуна буту-колун байлап таштап, унаасын талаага айдап барып, айдоочунун ачкычын, паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана 120 сом акча салынган портмонесин алышып белгисиз тарапка качып кеткендигин такташкан.

«Айдоочу унаанын күйүүчү майы түгөнгөн кезде качып кетүүгө үлгүргөн. Шектүүлөр иликтөө иштеринин жүрүшүнө Талас шаарындагы автобекеттен кармалышкан. Алардын жанынан 2 даана бүктөмө бычак, 3 даана медициналык беткап, 3 даана уюлдук телефон, кол кап жана башка буюдар табылган. Алар Талас РИИБге алынып келинип, эч кандай уруп-сабоо, кыйноо жана башка нерселер болгон эмес. Себеби бул эки жигитти кармоодо жабырлануучу Н.А. жана айылдын тургундары күбө катары иликтөө иштерине түздөн-түз катышып милиция кызматкерлери менен чогуу жүргөн. Шектүү катары кармалган казакстандыктар Т.Даликулов менен Г.Иманбеков кылмыш кылганын толук мойнуна алышып, өздөрүнүн көрсөтмөлөрүн беришкен. Булар кылмыштуу кыймыл-аракеттеринен качуу максатында жалган билдирүү жасап, тергөөнън жүрүшүнө терс таасирин тийгизип жатышат. Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш жүргүзүшкөн.
Ал эми, жарандардын укуктарын коргоо борбору тарабынан бир тараптуу иш жүргүзүлүп жатканы коомчулукта көрүнүп турат. Эгер уруп-сабоо же кыйноо болсо анда эмне себептен кайра милиция кызматкерлеринен сурашпайт?
Мындан тышкары, эгерде кылмышкер кармалбай калса, анда кандай суроо жаралмак? Минтип кылмыштын бети изи сууй электе ачылып, коомдо ыраазычылыктарын айтып жатса бул борбор туура эмес маалымат жаратып жатканы түшүнүксүз.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:
Буга чейин ИИМ Талас облусунда каракчылык кылган казакстандык 2 жигит кармалгандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, 12-февралда саат 20:30 чамасында Талас районунда азиат түспөлүндөгү белгисиз 2 адам такси кызматын көрсөтүп иштеген таластык 24 жаштагы жигиттин «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасына отурушкан. Алар дароо айдоочуга кол салып, электрошокер менен коркутуп, Талас району тарапка багыт алышкан. Көк-Ой айылына жеткенде унаанын күйүүчү майы түгөнүп, токтотууга мажбур болушкан. Ошол убакта айдоочу качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок кылмышкерлер айдоочунун акчасын, документтерин жана жеке буюмдарын алып, унааны кароосуз таштап, изин жашырып кетишкен.

Айдоочу бул окуядан кийин ички иштер органдарына кайрылып, милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзө башташкан. Көп өтпөй шектүүлөр изин жашыруу максатына автобекетке келген учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Алар Казакстандын Жамбыл облусунун 1991-жылы туулган тургуну Д.Т. менен 1995-жылы туулган И.Г. экендиги такталды. Аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткан. Алардын мындан башка кылмыштарга катыштыгы да такталып жаткан.

Андан кийин:

Кармалган казакстандыктар 15-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго «кыйноого кабылдык» деп кайрылганын АКИpress агенттигине 16-февралда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү билдиришкун.

Маалыматка караганда, кайрылган Г.И. (1993-жылы туулган) менен Т.Д. (1991-жылы туулган) каракчылык кылмышка шектелип кармалышкан. Аларга 2018-жылдын 12-февралында милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо көрсөтүлгөн.

Арыз жазгандардын айтымында, милиция кызматкерлери аларды автобекетте кармаган учурда жана милициянын мекемесине алып келгенде да кыйнашкан.

«Аларды жалпы 4-5 милиционер уулануудан сактоочу беткапты кийгизип, муунтуп сабашкан. Т.Д. жыныс мүчөсүнө сокку урулган. Көкүрөгүнө, капталдарына, желкесине соккулар болгон. Экинчисине да ушундай кыйноолор болгон. Анын маңдайында, көзүндө, таманында көк ала тактар бар. С.И. аны таманга таяк менен чабышкандыгын айтты», - деп билдирди Улуттук борбор.

Мекеменин маалыматына караганда, арыздануучулар аларга милиция кызматкерлери кандайдыр бир документке кол койдуруу үчүн коркутуп сабагандыгын айтышкан.

«Кыйноолор коркутуп 5 миң доллар талап кылуу боюнча кылмышты мойнуна алдыруу максатында жана улуттук кодулоо боюнча жасалган», - деп айтылган маалыматта.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор бул факты боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн прокуратурага кайрылды.