Алтын кур, 3 унаа, төө, жана тай сайылган көк бөрү

turmush
Скачать
Просмотров: 15338
 
Опубликовано 19 Февраля 2018, 18:20

Ноокат районунда 5 млн сомдон ашуун каражат сарпталып өткөрүлгөн сүннөт тойдо көк бөрү уюштурулуп, байгесине 2 алтын кур коюлду. Той ээси Шабданбек Амиралиевдин айтымында, 18-февралда Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагында өткөн мелдешке өлкөнүн аймактарынан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан бери улакчылар келишкен.

Анын башкы байгесине 50 миң сом жана алтын кур, андан сырткары 3 автоунаа, 10 төө, 30 тай, 30дан ашуун кой, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар коюлду. Аламан чабышты көрүүгө 6 миңден ашуун адам чогулуп, анын алкагында 110 миң сом байге коюлган улуттук күрөш оюну да уюштурулган.

Оюндун жыйынтыгында «Опель Астра» жана «Мицубиси Паджеро» автоунааларын Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын тургуну Жалил балбан утуп кетти. Ал эми «Жигули» автоунаасынын ачкычы Өзгөн районунан келген Манас Ниязовго тапшырылса, башкы байгеге коюлган алтын кур менен 50 миң сомго Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын 58 жаштагы тургуну Маткасым Рахманбердиев ээ болду. Ошондой эле татыктуу оюн көрсөтүп, башкы байгеге татыган Өзгөн районунун тургуну Жоодар балбанга да алтын кур убадаланып, 50 миң сом сыйлык берилди.

Толугу менен: http://www.turmush.kg/news:340624