Акталаалык С.Сарыгулов асыл тутукум жылкыга кызыгып, «Флайд» аттуу тулпарды күлүккө салууга таптап жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 491
 
Опубликовано 16 Февраля 2018, 16:27

Байыртан кыргыз эли сындуу жылкыларды асырап келген. Өзгөчө кыргыздын жигиттерин минген тулпарынан сындап келишкен эмеспи. Атургай, кыргыздын баатырларын тулпарсыз элестетүү кыйын экендиги тарыхта таамай жана так жазылып келгени дагы тегин жерден эмес. Мингени тулпары чабал, асынган курал-жарагы начар болсо - ал сөзсүз түрдө душманынан алсыз деп сүрөттөлүп келгендиги чындык. Жылкыга жакын кыргыз жигиттери бул кааданы дагы деле болсо урматтап, барктап келишет. Алардын бири Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 32 жаштагы тургуну Сыймык Сарыгулов асыл тукум жылкыларга кызыгып, күлүк тулпарларды көбөйтүүнү максат кылат. Сыймык мырзанын чарбасы менен аймактык кабарчы таанышты.
Маалым болгондой, С.Сарыгулов 130 миң сомго «Флайд» каймана аттуу кунан сатып алып, аламан байгеге таптап, саяпкерлик кылып келүүдө. Ошондой эле, жакында 50 миң сомго 5 айлык асыл тукум тай сатып алып, аны дагы асырап, азыртадан тулпарлыкка таптап жатат.
Андан сырткары, Сыймык мырза сүт багытындагы уйларды көбөйтүүнү максат кылып 40 мин сомго торпок сатып алган болсо, жакынкы аралыкта достору менен биргеликте дагы 24 торпок сатып алууну пландаштырышууда.
Улуттук оюндарга кызыгып, күлүк чаап, көкбөрү тарткан С.Сарыгулов жылкынын асылдуулугун төмөнкүчө түшундүрдү;
«Кыргыз болгондон кийин, кыргыздын улуттук оюндарына, тулпарга кызыкпаган жигит болбосо керек. Өзүм абдан кызыгам. «Ат - адамдын канаты» - деп коет эмеспи. Жылкысыз кыргызды элестетүү мүмкүн эмес да. Сатып келген кунанымды аламан байгеге сала элекмин. Таптап жатам. Буюрса салам. Чет өлкөнүн асыл тукум жылкыларынын тукумунан экен. Чүйдөн сатып келгем» - дейт С.Сарыгулов.
Үй-бүлөлүү. 1 эркек уулду болгон С.Сарыгуловдун мындан тышкары 20 баш жылкы, 12 ую жана майда жандыктары бар. Ал жайкысын Кара-Суу жайлоосуна чыгып 1 ай үй-бүлөсү менен бээ айлап, бээнин сүтүн, кымызын ичип турушат.
Андан сырткары, өзүнүн «Спринтер» үлгүсүндөгү жүк тартуучу автоунаасы менен жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтүү менен жай мезгилинде 1 күндө 1500 сомдон 3 миң сомго чейин киреше таап, үй-бүлөсүн багып келет.