45387 Айыл турмушу: Манасчы А.Жуманалиев шакирттерине дастан айтуунун сырларын үйрөтүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 71
 
Опубликовано 15 Февраля 2018, 17:05

Талас районуна карашту Көк-Кашат айылындагы 59 жаштагы манасчы Анарбек Жуманалиев Талас шаарындагы Балдарга билим берүүборборунда жаш манасчыларга «Манас», «Семетей», «Сейтек» айтууну үйрөтүп иштейт. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, чоң атасы Жаналы семетейчи болгон.
«Бир ирет атам мени чоң атамдыкында бир жумуш менен жиберип калды. Барсам чоң атамдын жаздыгынын астында «Семетей» китеби бар экен. Китепти мага берип оку деди. Жай окуп баштадым. Чоң атам «үнүңдү катуу чыгарып окубайсыңбы» деди. Болгон үнүм менен окуй баштадым. Азыр ойлосом чоң атам кат таанычу эмес экен. Атам жомокчу адам эле. Жомок айтканда таң атырып койчу. Мен эринбестен атам менен кошо отуруп алып укчумун. 1987-жылы түшүмдө аян алдым. Кызыл шырылган чапан кийген бирөө келип «Манас атабыз жортуулдан кайтып келе жатат» деди. Андан кийин «Манас», «Семетей», «Сейтек» айтып калдым. «Манасты» жаттабай өзүмдүн сөзүм менен уйкаштырып айтам. Өзүмдө болгон нерсени жаштарга үйрөтүү максатында 2006-2007-жылдары «Манас ордодо» жаш манасчылар ийримин ачып иштедим. 2010-жылдан тарта Балдарга билим берүү борборунда эмгектенип жатам.
Азыркы учурда манаска кызыгуучулар аз. Эгерде мамлекет «Манасты» сабак катары экзамен берилет деп киргизип койсо, балким эд өз тарыхын билет беле... Азыр «Манас» сабагы ийрим катары эле болгондуктан кааласа келишип, жадап баратса жалкоолонуп таштап коюшат.
«Манас» — бул сырдуу дүйнө. «Манас» — астрономия, тарых, санжыра, адеп-ахлак. Ушул неселерди өзмүдүн шакирттериме жеткирүүгө аракет кылам. Учурда 18 окуучум бар. Алар менен бир нече сынактарга, фестивальдарга алып барып байгелүү орундарды алып жатабыз. Учурда китеп чыгарууга аракеттенип,анын үстүндө иштеп жатам», деди ал.
Манасчы 2 уул, 1 кыз, 6 неберенин атасы.