Ак-Талаада Авганистан жергесинен советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгы белгиленди,

turmush
Скачать
Просмотров: 253
 
Опубликовано 15 Февраля 2018, 15:16

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Афганистан жергесинен советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 29 жылдыгы белгиленип, ардагерлерге сыйлыктар тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 15-февраль күнү райадминистрациянын жыйындар залына чакырылган Афган согушунун катышуучуларын акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков, Аскер комиссариатынын башчысы Нурбек Шамшыбеков, Чолок-Кайың айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев жана башка айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү ардагерлерди куттукташты.
Аземдин жүрүшүндө , ардагерлерге Нарыноблусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, райадминистрациянын, Аскер комиссариатынын жана Ардагерлер кеңешинин Арзак грамоталары тапшырылса, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн белектери, Ардак грамоталары жана акчалай колдоолору ыйгарылды.
Андан сырткары, Россия өлкөсүнүн Ардагерлер коомунун төш белгилери тагылды. Иш-чара ардагерлерге арналып жайылган дасторкондун үстундө уланды.