Ак-Талаанын балдар билим берүү борборунда Авган ардагерлерине арналып «Мырза жигит» сынагы өткөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 152
 
Опубликовано 15 Февраля 2018, 01:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Балдар билим берүү борборунда 15-февраль совет аскерлеринин Авганистандан чыгарылышынын 29 жылдыгына карата «Мырза жигит» сынагы өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 14-февраль күнү аталган борбордун таланттуу окуучулары ортосунда уюштурулган сынакка жалпы 8 кичинекей мырза катышып, алар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Катышкан балдар ырдашты, бийлешти, жасаган кол эмгектерин көргөзүштү.
Сынакка Авган согушунун ардагерлери, райондук Аскер комиссариатынын башчысы Нурбек Шамшыбеков, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков жана борбордун директору Айнура Баязова катышуу менен бирге эле алар калыстык озуйпасын аткарышты.
Жыйынтыгында, Айбек Рыскулбеков 106 упай, Адилхан Атыканов 109 упайга ээ болушту.
Ошондой эле, Медер Таштанбеков 120 упай, Байнур Үсөнов 122 упай, Марлен Кубанычбеков 125 упай алышып «Активдүү катышуучу» номинациясын алышты.
Ал эми 134 упай менен Жыргалбек уулу Ислам 1-орунду, 126 упай менен Кылычбек уулу Кубат 2-орунду жана 126 упай менен Алмаз уулу Эрбол 3-орунду камсыздашты.
Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.