Сузак районуна караштуу Барпы айылынын 43 жаштагы тургуну Стан Кулмаматов 14 жылдан бери дайынсыз жоголуп, изделүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын агасы Таирбек Кулмаматов кабарлады.
Анын айтымында, иниси Стан Кулмаматов 1975-жылы туулган. Үй-бүлөдө 9 бир тууган. Өзүнүн 1 уул, 1 кызы бар.
2004-жылы Жалал-Абал шаарын иштеп жүргөн бойдон дайынсыз жоголгон. Үй-бүлөсү аны издеп Россиянын «Жди меня», кыргызстандык «Кайдасың?» берүүлөрүнө кайрылган. Бирок ал аракеттерден жыйынтык чыккан эмес.
Стан Кулмаматов атасы аны күтүп жүрүп, 1 жыл мурда көз жумду. Апасы Зулфия «уулумду көрсөм арманым жок эле» деп кайгы тартып келет.