Жаш талант: 16 жаштагы Э. Осмоналиев бийчилик, сүрөтчүлүк өнөрлөрүн такшалтууда

turmush
Скачать
Просмотров: 125
 
Опубликовано 13 Февраля 2018, 10:20

Талас шарынын 16 жаштагы тургуну Эржан Осмоналиев 7 жашынан бери сүрөт тартуу жана бийлөө менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бийге сыналгыдан ар кандай бий сынактарды көрүп кызыгып калган.

«Эн биринчи жолу 1-классымда жаңы жыл майрамында лезгинка бийин бийлегем. Кийинчерээк бийлердин түрүн үйрөнүп электро буги (робот) бийин бийлеп, азыркы кезде поппинг жана флексинг бийлерин бийлейм. Бул бийим менен көптөгөн ийгилик жаратууга да жетиштим. Мектепте ар кандай иш-чаралар болсо мени чакыра калышат. Бул бийлерди бийлеп чыгышыма таенем түрткү болгон. Мага жөлөк-таяк болуп, бийлеген бийлериме көңүл буруп, кийимдерди жана башка керектүү нерселерди таап берип турду.
2017-жылы Бишкектен бийчилер келип, сынак уюштурду. Сынакка 4 райондун бийчилери катышкан. Мен «Жалын бий» менен кийинкиси Атай Өмүрзаковдун «Шаман бийин» бийлеп, 3-орунду алгам. Андан соң «Короли танцпола» сынагында «MD club» тобунда бийлеп, анда да 3-орунга ээ болдук
Бир жолу эл алдында бийлеп жатып бийдин орто ченине келгенде музыка өчүп калып, эмне кыларым билбей эле сахнада катып туруп калдым. Кайра музыка уланып, бийди улантып жатканда кайра музыкам токтоп калды. Мен да кайра катып калдым. Залдагыларды карасам баары күлүп жатыптыр», - деди ал.
Бийчи жигит мындан тышкары сүрөт тартуу боюнча дагы сынактарга катышып келет.
«Сүрөт тартууга кызыгуум 2-классымдан башталды. 2-классымда мектептен сүрөт сабагы болуп, «9-май — Жеңиш майрамын тарткыла» де тапшырма берилди. Мен китептен көрүп бир сүрөттү тарткам. Аябай окшошкондуктан сүрөт тартууга кызыгып калдым. 2016-жылы республикалык «Көчмөндөр» деген сынакка сүрөт тартып катышып, 3-орунду алгам. Кийичерээк «Крылья победы» деген республикалык сынактан 2-орунду алгам. Жалпысынан 7 жолу республикалык сынактарда алдыңкы орундарга ээ болдум», - деди ал.
Бийчи-сүрөтчү жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.