Жаш талант: Кубик рубикти 15 секундда топтой алган Элхан мелдештерге катышууну көздөп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 612
 
Опубликовано 12 Февраля 2018, 10:59

Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Элхан Арстанбеков кубик рубикти 15 секундада кура алат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кубик рубикти куроону былтыртан баштап өздөштүрө баштаган.
«Сыналгыда балдардын саналуу секунддардын ичинде куби рубик чогултуусу жөнүндө бир берүү болуп жаткан экен. Ошондон кийин мен да кызыгып үйрөнө баштадым. Бара-бара: 2x2 кубик рубикти 30 секундда, 3x3 кубик рубикти 38 секундда, мега минск кубик рубикти 4 мүнөт 30 секундда кубик рубикти, пирамиданы 10 секунда топтой баштадым.
Бир күнү айылга бара жатсам көчөдө жаш балдан кубик рубик куруп ойноп жатышкан экен. Ошолор менен ким бат чогултар экен деп мелдеше кеттим. Биз кура турган кубик-рубик пирамида эле. Мен 15 секундда бүтсөм, ал 25 секундда бүттү. Дагы бир жолу Бишкек шаарында маршруткада олтуруп бирөө менен мелдеше кеттик. Менин атаандашым кубик рубик чогултуу боюнча мелдештерге катышып жүргөн бала экен. Кубик рубиктин татаалын чогултушубуз керек эле. Ал кубикти 3 мүнөттө курду. Мен куруп жатып ал кубикти чачып алдым. Бирок кайра чогултуп 1,5 мүнөттө кураштырдым.
Алдыда мелдештеге катышып биринчиликти багындырууну көздөп жатам. Мындан тышкары гитара чертип, спорт менен машыгам», - деди ал.
Элхан үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси.