Таластын тургундары КСДПнын депутаты Р.Момбековго облустагы көйгөйлөрдү билдиришти

turmush
Скачать
Просмотров: 600
 
Опубликовано 9 Февраля 2018, 23:21

Кечээ, 8-февралда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Манас районунун тургундары менен жолугушту.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы катышкан жыйында тургундар билим берүү, спорт, таза суу, жол, жайыт, трансформация маселелерин көтөрүлдү. Жыйында Манас районунда СССР тарагандан бери 1 гана мектеп курулуп пайдаланууга берилип, 2 мектеп капиталдык оңдоодон өткөнү айтылды. Премьер-министр С.Исаковдун демилгеси менен Май айылында курулуп жаткан спорт залдын ишине 16 млн сом каражат бөлүнүп, жакын арада ишке берилиши күтүлүүдө. Жергиликтүүлөр аймактарда дыйканчылык боюнча адистердин кыскаруусу, мугалимдердин маянасы, пенсия, жөлөк пул боюнча өз көйгөйлөр айтылды.

Талас облусунда чакан жана ири ишкерликти өнүктүрүү боюнча быйылкы жылга аймактарды өнүктүрүү фондуна 23 долбоор өткөнү белгилүү болду. Депутат чек ара, бажы төлөмдөрү боюнча суроолорго жооп берип жатып, күч органдарын катуу сынга алып, күч органдарынын азыркы учурда алып барып жаткан ишин, кандайдыр бир деңгээлде натыйжасыз болуп жатканын билдирди. Ошондой эле чек арадан товарлардын контрабандалык жол менен өтүп жатканын маалымдап, жылда мамлекеттин бюджетине миллиондогон акча каражаты түшпөй калганын белгиледи.
Депутат андан кийин Кара-Буура районунун эли менен Шекер айылында жолугушту. Жыйынга 300дөн ашык адам катышты. Эл укук таануу жана билим берүү тармагындагы маселелерге басым жасады. Район тургундары сот иштеринин акыйкатсыздыгы тууралуу 3-4 ишти маселе катары айтты.

Билим берүү тармагында бир класста окуучулардын саны 34 балага чейин жетип, мугалимдердин окуучуларга көңүл буруп жетишпей жаткандыгы айтылды. Р.Момбеков өз сөзүндө облус аймагында окуучулар арасында суицид көп катталып жатканына басым жасап, билим берүү тармагында жетекчилерге нааразычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, райондо сүттүн баасынын төмөндөшү, таза суу, жол, газ киргизүү, жайыт маселелери айтылды. Айыл тургундары Жогорку Кеңешке Аманбаев айылындагы 6 айылга арналган 23 орундуу ооруканага хирургия бөлүмүн куруу жөнүндө кат жолдошту. Жыйында Кара-Буура районунда 4 объекттин (бала бакча, мектеп, оорукана) курулушу жүрүп жатканы маалым болду.
Быйылкы жылы жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Шекер айылында курула турган «Чынгыз Ордо» комплекси үчүн 20 млн сом бөлүнүп, ушул жылы курулуш иши башталары айтылды. Мындан тышкары ар бир аймакта Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар жана Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук драма театрда «Айтматов жана театр» фестивалы уюштурулат.

Депутат 9-февралда Бакай-Ата районунун эли менен жолукту. Ал жерде дагы орчундуу маселелердин бири – айылдык кеңештердин депутаттарынын иш алып баруусу болду. Айылдык кеңештеги депутаттардын иш алып баруусуна көптөгөн нааразычылыктар айтылып, жергиликтүү бийликти көзөмөлдөп жаткан мыйзам толук кандуу иштебей жаткандыгы белгиленип, парламентке мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын беришти. Райондун эли мындан тышкары жайыт, таза суу, бүтпөй жаткан курулуштар, оорукана, билим берүү тармактарындагы көйгөйлөрдү билдиришти.

Эл өкүлү андан кийин Талас районунун жана Талас шаарынын эли менен жолугушту. Жыйынга катышкан 500гө жакын тургундар Талас шаарында акыркы жолу 1982-жылы мектеп курулгандыгын айтышты. Андан бери бир дагы жаңы мектеп курулган эмес. Окуучулардын саны көп болгонуна байланыштуу мектеп жана бала бакча имараттары жетишсиз экени белгиленди.
Депутат өз сөзүндө социалдык имараттарды менчиктерден кайтарып алуу боюнча аракеттер натыйжалуу болбой жаткандыгын айтты.
«Социалдык имараттар убагында менчиктештирилип кеткен. Имараттарды кайтаруу боюнча маселе тиешелүү комитетте каралып, биз Башкы прокуратурага имараттарды кайра кайтарып алуу боюнча тапшырма бергенбиз. Ар бир 3 айда Башкы прокуратураны, сотторду чакырып, иштердин жүрүшү боюнча отчет алып турабыз. Таластын шаардык прокуратурасы өзү бала бакчанын ичине кирип алган. Таластын ШИИБи бала бакчада отурат экен. Анан кантип өздөрү отурган талды кыймак эле булар?
СССР учурунда Талас шаарында 17 бала бакча бар болчу. Азыр 8 бала бакча калды. Бала бакча азайып жатат, балдар көбөйүп жатат. Бала бакчаларды көбөйтүш керек болчу», - деди депутат.

Рыскелди Момбеков жыйындын аягында өкмөттүн «Таза коом» долбоорунун алкагында Талас шаарында жайгашкан эски филармониянын имаратын оңдоп-түздөө иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады. Алдыга пландалган долбоорлор ишке ашып калса облустагы мамлекеттик мекемелердин баардыгы бир имаратта жайгашат. Натыйжада Талас шаарында 28 мекеме имараты бошойт. Бошогон имараттарды бала бакча кылууга мүмкүндүк түзүлөт. Экинчиден мамлекеттик мекемелердин бир жерде жайгашуусу жарандар үчүн ыңгайлуу болот.