Нарында салык кызматына нааразы болгон чачтарач кызматкерлери мэриянын алдына чогулушту

turmush
Скачать
Просмотров: 1078
 
Опубликовано 9 Февраля 2018, 18:27

Нарында шаарында чачтарач кызматкерлери  көзөмөл кассалык аппараттарынын коюлушуна нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.
Алардын айтымында, 2018-жылдын  7-февралындагы Нарын шаардык салык башкармалыгы Нарын шаарындагы чач тарач жана сулуулук салондорунда кызмат көрсөткөн кызматкерлер милдеттүү түрдө маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар көзөмөл кассалык аппараттарын сатып алып, аны ушул жылдын  1-мартына чейин ишке ашырууну талап кылышкан. Бирок, салык башкармалыгынын бул талабына Нарын шаарындагы 45 чач тарач жана сулуулук салондорунун кызматкерлери макул эместигин айтып, мэриянын имаратынын алдына чогулуп, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана шаар башчысына кайрылуу жасашты.