«Тагдыр», Акталаалык Г.Өмүрова 4 жылдан бери дайынсыз жоголгон жолдошу Б.Алтыбаевди күтүп жашап келет

turmush
Скачать
Просмотров: 257
 
Опубликовано 5 Января 2018, 05:05

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы 6 баланын энеси Гүлзат Өмүрова 4 жылдан бери дайынсыз жоголгон жолдошу Алтыбаев Бактыбектен үмүтүн үзбөстөн күтүп келе жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Б.Алтыбаев 1974-жылы туулган. Жубайы Г.Өмүрованын айтымында көп сүйлөбөгөн, уруш-талаш, чыр чатактан алыс жүргөн адам болгон.
Ал, жыл сайын Бишкекке барып ар кандай кара жумуштарда иштеп келип турган. Акыркы жолу. 2014-жылдын 5-апрель күнү Сокулуктагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Казакстанга барып иштеп келүүнү пландап жүргөн.
«Жолдошум, жыл сайын Бишкекке барып иштеп келчү. 3 жыл катары менен Сокулукта жер-жемиш өстүргөн талааларда иштечү. Ал сокулуктагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген жок. Ал учурда биз деле билген эмеспиз. Кийин, 1 айдан соң ошол чыгып кеткен үйдө кийиминин чөнтөгүнөн паспортун таап алдык» - дейт Г.Өмүрова.
Жолдошун издеген Г.Өмүрова ошол кезде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жана «Кайдасың» телепрограммасына кайрылганы менен эч бир жыйынтык чыккан эмес. Учурда, жолдошун издегенге каражаты жок Гүлзат эже тийиштүү жерлерден жардам сурап келет. Ал, жолдошунун тирүү экенине ишенет. Өзүнүн айтымында, ар дайым түшүнө кирип, Казакстанда кыйналып жүргөндүгүн айта берээрин кошумчалады.