Ак-Талаа районунда «Кичинекей ханыша - 2017!» сынагынын тандоо туру өткөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 266
 
Опубликовано 16 Декабря 2017, 04:25

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келген «Кичинекей ханыша - 2017!» аттуу маданий долбоору боюнча 6 жаштан 12 жашка чейинки таланттуу кыздар арасында кароо-сынактын тандоо туру өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 15-декабрь күнү Ыйман, адер жана маданият жылына карата «Кичинекей ханыша» аттуу маданий долбоорунун сынагына жалпы 14 кыз катышып, алар саламдашуу, жан дүйнөнүн байлыгы катары өз өнөрлөрүн тартуулоо жана саркеч кийимдердин үогүсүн көргөзүү тапшырмаларын аткарып беришти.
Тандоо турдун соңунда, 14 кыздын ичинен төмөндөгү 8 кыз финалга өтүштү.
Алиман Асанбаева - Терек айылы, Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучусу,
Асема Сатыбалдиева - Терек айылы, К. Молдобасанов атындагы орто мектеби,
Аэлита Керимжанова - Баетов айылы, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби,
Айпери Мирлан кызы - Баетов айылы, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби,
Гүлнур Жылдызбекова - Баетов айылы, Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби,
Нурайым Абдымамытова - Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби,
Нурайым Маметова - Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби,
Аделина Иманкулова - Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары 18-декабрда өтө турчу сынактын финалына өтүштү.