Ак-Талаадагы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы кооптуу аймакта жайгашып, жергиликтүү тургундар кыйналып жашап келишүүдө

turmush
Скачать
Просмотров: 73
 
Опубликовано 13 Декабря 2017, 15:16

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы кош айылдан турган Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы сел каптап кетүү коркучунда турган коопту аймакта жайгашып, анда жашап жаткан жергиликтүү тургундар кыйналып келишүүдө. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы биригип Ак-Чий айыл өкмөтүн түзөт. Анда, жалпы 132 түтүн эл жашайт. Аталган айылдар сел каптап кетүү коркунучунда турган коопту аймакта жайгашып, буга чейин бир нече жолу сел жүрүп, жергиликтүү тургундар бир топ зыянга учурашкан. Ушул себептен улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2010-жылы аталган аймакта жашоого болбостугу жана айылды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чечим чыгарылган.
Бирок, андан бери 7 жыл өтсө дагы, аталган айылды көчүрүү, жаңы айыл түптөөгө эч ким көнүл бурбай, жергиликтүү тургундар кыйналып күн кечирип келишүүдө.
Айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыповдун маалыматы боюнча, учурда жергиликтүү жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү жана жаңы айылды түптөөгө Кара-Коо чөлкөмүнөн 147 гектар аянт жер каралып, анын генпландары толук бүткөрүлгөн. Бирок, жерди трансформациялоо иштери Жогорку Кеңештен чечилбегендиктен улам, жергиликтүү тургундарга жашаганга жер тилкелери бөлүнүп берилбей жатат.
«Бүгүнкү учурда жергиликтүү тургундар аябай кыйналып жашап келишүүдө. Жаңы Ак-Тилек айылын түптөөгө, элге жер тилкелерин бөлүп берүүгө баардык документтери, генпландары түзүлүп бүткөн. Бирок, жерди трансформациялоо иштери чечилбей, бүгүнкү учурга чейин айыл элин коопсуз аймакка көчурө албай жатабыз. Ошол себептен улам эл турак жайларын камсыздандыра албай жатабыз. Экинчиден, турак-жайын күрөөгө коюп насыя ала албай жатышат. Үчүнчүдөн, айылга жаңы курулуштарды кура албайбыз жана жергиилктүү тургундар дагы үй-жайын өндөй албайт, үй-жай сала албай жатышат. Атургай, бир үйдө 3-4 үй-бүлө баш калкалап жашап келишүүдө. Жогорку Кеңештен жерди трансформациялап беришсе жакшы болмок. Болбосо, ушул эки айылдын эли кыйналып жашап келишүүдө» - дейт айыл өкмөт башчысы Э.Айыпов.
Аталган айылдарда жалпы 132 түтүн эл жашап жаткан болсо, ал эми жер алууга кезекте тургандардын саны 276га жетти.