Ак-Талаада Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата 70 комузчу эки күү аткарып беришти

turmush
Скачать
Просмотров: 89
 
Опубликовано 13 Декабря 2017, 13:29

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 70 комузчу 2 күү черткендигин аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 12-декабрь күнү Нурак Абдрахманов атындагы музыкалык мектептин комузчу мугалимдери жана комуз ийриминин 70 окуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Маш ботой» жана Н.Абдрахмановдун «Алтын балалык» күүсүн жогорку чеберчилик менен аткарып беришти.
Аталган мектепте 150 комузчу окуучу бар.