Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен
Талас районунун Кырк-Казык айылында жашаган 6 жаштагы Бактияр Өзүбеков.
- Сени апаң урушабы?
-Мм… катуу эле урушат.
- Акча деген эмне?
- Акча деген тыйын да.
- Сенин сүйгөнүң барбы?
- Бар, меники экөө.
- Кимдер алар?
- Алина анан Айбийке.
- Алар сени талашпайбы?
- Билбейм.
- Качан үйлөнөсүң?
- Эми эмне десем, шашпай эле го.
-Чоңойгондо ким болосуң?
- Мен ырчы болом.