«Баткен райондук салык кызматынын кызматкерлери иш учурунда жумуш ордуларында жок. Аларга саат 13:50дө барып, мекемеде бир дагы кызматкерди жолуктурган жокпуз. Жумушчулардын түшкү тамактануусуна 12:30дан 13:30 чейин убакыт берилет. Мекемеде эч ким болгону аз келгенсип, эшиктердин баардыгы ачык. Мындай учурда канчалаган ар кандай кайрылуучу келет. Документтер жоголуп кетсе эмне болот?», - деп сурады окурман.