Эгиздер: Баястан менен Баяман бири-биринен сабак көчүрүп жатып, апасына кармалып калышат

turmush
Скачать
Просмотров: 144
 
Опубликовано 7 Декабря 2017, 17:16

Талас шаарындагы 9 жаштагы эгиздер Баястан менен Баяман Өскөновдор сабактарын бири-бирине көчүртүп жатып, апасына кармалып калышат. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

Апасынын айтымында, эгиздер 2008-жылы 3-апрелде төрөлүшкөн.
«Экөөнүн ортосу 15 мүнөт айырма болгон. Баястандын салмагы 2 кг 700 гр, Баямандыкы 1 кг 800 гр болгон. Баястан дайыма активдүү, ойлонбой эле жумуш кыла берет жана бейбаш болчу. Баяман болсо жоош жана ойлонуп иш кылат. Баястан жакшы окуп, ар кандай ийримдерге катышып жүрөт. Баяман кошо барып катышат, бирок бат эле тажап кетип барбай коет. Үй тапшырмасын Баястандан көп учурда көчүрүп алат», - деди ал.

Баястандын айтымында, учурда 3-класста окуп жатышат.
«Мен күрөш, футбол, шахмат жана башка спорт оюндары менен машыгам. Баяман мени менен «чогуу барып катышам» дей берет. Бирок бат эле тажап катышпай коет. Баяман мен үй тапшырмаларымды аткарып койгон соң дайыма келип көчүрүп алат. Мен да үй тапшырмамды аткарбай калганда көчүрүп алам. Мектепке дайыма эрте туруп кетебиз. Келечекте бизнесмен болгум келет. Дары сатып элдерди дарылап,кийим сатып кийими жокторго кийим берем. Баяман болсо өрт өчүргүч болгусу келет. Ага өрт өчүргүчтөрдүн унаасы менен кийими жагат», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.