Ак-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында кароо-сынак өтүп жана аларга белектер тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 149
 
Опубликовано 5 Декабря 2017, 14:26

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 3-декаюрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү белгиленип, анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ортосунда сынак өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 5-декабрь күнү райондук администрация жана маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган кароо-сынакка 25тен ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышып, алар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ырдап, бийлеп, ыр окуп берген бул жарандарыбызды көргөндөр көздөрүнө жаш алышты.
Ошондой эле, аталган жарандарыбызга жеке ишкер Төрөгелди Жусуев, Улан Шерипбеков баардык катышуучуларга белек, азык-түлүк тапшырса, ал эми райондук прокуратура акчалай колдоо көрсөтсө, аны менен бирге эле райондук аскер комиссариаты, райадминистрация, эмгек жана жаштар бөлүмү белекктерин ыйгарды. Андан сырткары, Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жыл сайын 20 миң сом каражат бөлүнүп берилүү менен белек-бечкектерин тапшырышты.
Ал эми майыптар арасында кароо-сынак жыл сайын уюштурулуп,ага айыл аймактардан келишкен өнөрлүү, таланттуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышып, жрайадминистрациянын белектери жана дипломдору менен сыйланып келишет.