Ак-Талаада «Мен, Ата-Мекенди коргоочу болом!» аталыштагы аскердик-спорттук мелдеш өткөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 176
 
Опубликовано 20 Октября 2017, 18:28

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Мен, Ата-Мекенди коргоочу болом!» аталыштагы аскердик-спорттук мелдеш өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 20-октябрь күнү жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу жана аскердик даярдыктарга үндөө максатында райондук ички иштер бөлүмү жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан биргелешип аталган спорттук мелдеш өткөрүлүп, ага Эсенгул Карасартов, Шүкүрбек Бейшеналиев жана Калый Молдобасанов атындагы орто мектептеринин окуучулары катышты.
Анда, окуучулар, автоматты чачып-жыйноо, турникке тартынуу, 1 чакырым алыстыкка чуркоо, чуркоо, аскердик катарга басуу, жана ырдоо тапшырмаларын аткарышты.
Жыйынтыгында командалык эсеп менен 1-орунду Ш.Бейшеналиев, 2-орунду Э.Карасартов жана 3-орунду К.Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучулары камсыздашты. Ошондой, эле автоматты мыкты чачып-жыйнаган, чуркоодо алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларга да РИИБнүн баалуу белектери тапшырылды.